Жетекчилик
Искендеров Бактыбек Токтобаевич
Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн өкмөт башчысы
Эмгек жолу
Айыл өкмөтүнүн башчысы жөнүндө кыскача маалымат
Искендеров Бактыбек Токтобаевич – Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн өкмөт башчысы.
1970-жылы 20-февралда Ош облусунун Фрунзе районундагы Орозбеков айылында туулган. Улуту – кыргыз, Кыргыз Республикасынын жараны. Билими – жогору, 2004-жылы Жалал-Абад экономика жана ишкердүүлүк университетин «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек жолун 1987-жылы «Кадамжай» совхозунда жумушчу болуп баштаган. Ар кайсы жылдары ички иштер органдарында, курулуш тармагында, ошондой эле Кадамжай шаардык мэриясында жооптуу кызматтарда иштеген. 2017–2021-жылдары Кадамжай шаардык мэриясынын департаментинин директору, 2021–2023-жылдары №46 Жол тейлөө мекемесинин башчысы болуп эмгектенген.
2025-жылдан тартып Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн өкмөт башчысы болуп дайындалган. Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасында көп жылдык тажрыйбага ээ. Бир катар мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктар менен сыйланган.
Ормонов Сагынбек Абдимиталипович
Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары
Эмгек жолу
Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары жөнүндө кыскача маалымат
Ормонов Сагынбек Абдимиталипович – Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, жооптуу катчы.
1989-жылы 28-декабрда Ош облусунун Фрунзе районундагы Халмион айылында (Ынтымак участогу) туулган. Улуту – кыргыз, Кыргыз Республикасынын жараны. Билими – жогору. 2018-жылы Ош мамлекеттик университетинин Бизнес жана менеджмент институтун «Бухгалтердик анализ жана аудит» адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек жолун айыл чарба тармагында баштаган. Ар кайсы жылдары Халмион айыл өкмөтүндө салыкчы, банк тармагында бухгалтер, айыл башчы болуп иштеген. 2021–2024-жылдары Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси, 2024–2025-жылдары бөлүм башчы кызматын аркалаган.
2025-жылдан тартып Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары – жооптуу катчы болуп иштеп келет. Каржы, башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жаатында тажрыйбалуу адис.