
I. Башкы кызмат орунуна коюлуучу квалификациялык талаптар:
1).Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим , мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, финансы-экономикалык багыттагы, айыл чарба, ветеринардык, гуманитардык, табигый илимдер, техникалык, курулуш, энергетика багыттары боюнча
2).Иш стажы жана тажрыйбасы: -жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы;
II. Улук кызмат орунуна коюлуучу квалификациялык талаптар:
1).Кесиптик билимдин деңгээли: –жогорку билим , мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, финансы-экономикалык багыттагы, айыл чарба, ветеринардык, гуманитардык, табигый илимдер, техникалык, курулуш, энергетика багыттары боюнча
2).Иш стажы жана тажрыйбасы: -жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
III. Административдик кызматтардын бардык топтору үчүн:
-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
-компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктыларды билүү ( Word. Excel, санарип, СЭД, маалыматтык укуктук системасы).
Талапкерлер төмөнкү документтерди алып келүүсү зарыл:
-өздүк арыз;
-резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен)
-кадрларды каттоо үчүн өздүк баракчасы;
-сүрөт 3х4 өлчөмүндө (2 даана) ;
-билими тууралуу диплом (көчүрмөсү, наториалдык жактан тастыкталган);
-эмгек китепчеси ( нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү);
-жарандык паспорт (көчүрмөсү);
-өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендигин көрсөтүү менен);
Документтерди кабыл алуу мөөнөтү сынак өткөрүү жөнүндө жарыя чыккан күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде кабыл алынат.
Дареги: Баткен областы, Кадамжай району, Жеңиш айылы, Х.Матмусаев көчөсү- 40.
Сынактык комиссия