Ишхак-Полотхан айыл өкмөтүнө караштуу Таш-Дөбө – Халмион айлана авто жолунун 3 чакырым аралыгын асфальттоо иштери башталды. Бул жол бөлүгүн оңдоп-түзөө жумуштары май айында асфальт төшөө менен улантылары күтүлүүдө.
Иш-аракеттер республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, аткаруучу болуп Кадамжай райондук жол тейлөө ишканасы – ДЭП №46 дайындалган. Азыркы тапта жер даярдоо, тегиздөө жана негиз түзүү иштерине басым жасалууда.
Бул долбоор аймактын жол инфраструктурасын жакшыртып, калктын жүрүп-туруусун жеңилдетүүгө багытталган. Жергиликтүү тургундар узак убакыттан бери күтүп келген бул оңдоп-түзөө иштери айыл ичиндеги транспорт каттамдарын да жеңилдетет деген ишенимде.



