Кадамжай районуна караштуу Исхак-Полотхан айыл аймагынын Жеңиш айылынын түштүк тарабында жайгашкан, айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган 20,0 га жер аянты өнөр жай багытында ижара шартында тоорук (конкурс) аркылуу пайдаланууга берилет.

Тоорук өткөрүү шарттары:
- 📅 Тоорук жарыя сайтка чыккан күндөн тартып 30 күн өткөндөн кийин өткөрүлөт
- 💰 Ижара акысынын баштапкы баасы: 1 056 000 (бир миллион элүү алты миң) сом
- 📝 Арыздарды кабыл алуу тоорук өткөрүлө турган күндөн 3 күн мурда токтотулат
- 📍 Тоорук өткөрүлүүчү дарек: Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн кеңсеси
- 📞 Сурап-билүү телефону: 0775 877 575, 779290900.