Исхак-Полотхан айыл өкмөтү муниципалдык кызматтын башкы, улук топтогу административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү үчүн ачык сынак жарыялайт:

I. Башкы кызмат орунуна коюлуучу квалификациялык талаптар:

1).Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим , мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, финансы-экономикалык багыттагы, айыл чарба, ветеринардык, гуманитардык, табигый илимдер, техникалык, курулуш, энергетика багыттары боюнча

2).Иш стажы жана тажрыйбасы:  -жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы;

II. Улук кызмат орунуна коюлуучу квалификациялык талаптар:

1).Кесиптик билимдин деңгээли: –жогорку билим , мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, финансы-экономикалык багыттагы, айыл чарба, ветеринардык, гуманитардык, табигый илимдер, техникалык, курулуш, энергетика багыттары боюнча

2).Иш стажы жана тажрыйбасы:  -жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

  III. Административдик кызматтардын бардык топтору үчүн:

-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;

-компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктыларды билүү ( Word. Excel, санарип, СЭД, маалыматтык укуктук системасы).

 Талапкерлер  төмөнкү  документтерди алып келүүсү зарыл:

        -өздүк арыз;

        -резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен)

        -кадрларды каттоо үчүн өздүк баракчасы;

        -сүрөт 3х4 өлчөмүндө (2 даана) ;

        -билими тууралуу диплом (көчүрмөсү, наториалдык жактан тастыкталган);

        -эмгек китепчеси ( нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү);

        -жарандык  паспорт (көчүрмөсү);

        -өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендигин көрсөтүү менен);

        Документтерди кабыл алуу мөөнөтү сынак өткөрүү жөнүндө жарыя чыккан күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде кабыл алынат.

Дареги: Баткен областы, Кадамжай району, Жеңиш айылы, Х.Матмусаев көчөсү- 40. 

  Сынактык комиссия