📍 Исхак-Полотхан айыл аймагы, Жеңиш айылы
📅 2025-жыл, июнь айы
Исхак-Полотхан айыл аймагына караштуу Жеңиш айылынын түштүк тарабында сел коопсуздугун камсыздоо боюнча иштер башталды.
✅ 220 метрлик “Айранчи” дамбасын куруу максатында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (МЧС КР) өкүлдөрү келип, жеринде таанышуу жана баалоо иштерин жүргүзүштү.
🛠️ Тийиштүү тапшырмалар берилди
МЧС КРнин адистери селге кооптуу жерлерди жана сел арыктарын тазалоо боюнча тиешелүү ишканаларга конкреттүү тапшырмаларды беришти.
Бул иштердин негизги максаты:
👉 айылды селден коргоо,
👉 жергиликтүү тургундардын коопсуздугун камсыздоо,
👉 жана инфраструктуралык коргоо чараларын күчөтүү болуп саналат.
Айыл өкмөтү жана тиешелүү кызматтар ишти көзөмөлгө алып, дамба куруу жана сел коргоо иштерин өз убагында жана сапаттуу жүргүзүүнү максат кылууда.

