📢 ЖАРЫЯ!

Исхак-Полотхан айыл аймагынын тургундарына!

Жазгы талаа иштерине даярдык көрүү жана сугат суу тартыштыгын алдын алуу максатында, айыл аймагында ички арыктарды жана каналдарды тазалоо, оңдоо иштери жүрүп жатат.

👉 Ар бир тургунду жана жер ээлерин таза жана үзгүлтүксүз суу жеткирилүүсүнө көмөк көрсөтүүгө жана өз аймагындагы арыктарды тазалоого активдүү катышууга чакырабыз.

Биргелешип жасалган иштер — жакшы түшүмдүн кепилдиги!

Айыл өкмөтү