Долбоорлор жана программалар

Исхак-Полотхан айыл аймагында 2024-2025-жылдары төмөнкү ири инфраструктуралык жана социалдык долбоорлор ишке ашырылды жана ишке ашырылууда:

  • Ынтымак айылы: 3 км жолго асфальт төшөлдү – 15,8 млн сом
  • Жеңиш айылы: Д. Бабаназаров көчөсүнө 2 км жолго асфальттоо жумушу жүрүп жатат – 12,8 млн сом
  • Ак-Өргө айылы: 1 км асфальттоо иштери (республикалык бюджет) – 7 млн сом
  • 14 айылда: таза суу менен камсыз кылуу (АРИС) – 8 млн сом
  • Жошук айылы: тротуар куруу иштери башталды (Кадамжай өнүктүрүү фонду) – 2,1 млн сом
  • Көп айылдарда: 4170 м ички арыктар бетондолууда – 6,3 млн сом
  • Ирилеш айылы: 500 м жолго асфальт төшөлдү
  • Т.Сатылганов мектеби: Стимгрант аркылуу капиталдык ремонт пландалууда

Кошумча программалар

Айыл аймагында мамлекеттин, эл аралык уюмдардын жана донорлордун колдоосу менен социалдык контракттар, билим берүү объекттери, медициналык жайлар, спорт аянтчалары жана сугат системаларын жакшыртуу боюнча демилгелер ишке ашырылууда.

Жол Асфальттоо Таза суу Тротуар куруу