Таш-Дөбө – Халмион айлана авто жолунда асфальттоо иштерине даярдык башталды

Ишхак-Полотхан айыл өкмөтүнө караштуу Таш-Дөбө – Халмион айлана авто жолунун 3 чакырым аралыгын асфальттоо иштери башталды. Бул жол бөлүгүн оңдоп-түзөө жумуштары май айында асфальт төшөө менен улантылары күтүлүүдө. Иш-аракеттер республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, аткаруучу болуп Кадамжай райондук жол тейлөө ишканасы – ДЭП №46 дайындалган. Азыркы тапта жер даярдоо, тегиздөө жана негиз түзүү иштерине басым жасалууда. […]