Жаңы жол — жаңы үмүттөр:

WhatsApp Image 2026 11 05 at 15.20.47

Таш-Дөбө айылындагы Г. Эшбаев көчөсүнө алгачкы жолу асфальт төшөлдү
Кадамжай району. Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Исхак-Полотхан айыл аймагында инфратүзүмдү жакшыртуу багытындагы кезектеги ири долбоор ийгиликтүү аяктады. Таш-Дөбө айылынын Г. Эшбаев көчөсү толугу менен заманбап талаптарга ылайык асфальтталды.
Бул маанилүү курулуш иштери толугу менен Республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, мамлекет тарабынан аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканынын кезектеги далили болду.
Жылдар бою күткөн кубаныч
Г. Эшбаев көчөсүнүн өзгөчөлүгү — бул жолго буга чейин эч качан асфальт төшөлгөн эмес болчу. Айыл түзүлгөндөн бери тургундар жайкысын чаңга көмүлүп, жазгы-күзгү жаан-чачында ылай кечип каттоого мажбур болуп келишкен. Айрыкча, мектепке каттаган окуучулар менен унаа айдоочулары үчүн бул жол чоң түйшүк жаратып келген.
Бүгүн бул маселе биротоло чечилип, көчө таанылгыс болуп өзгөрдү. Көп жылдык көйгөйдүн чечилгенине айыл тургундары өзгөчө кубанып, ыраазычылыктарын билдиришүүдө. Жаңы төшөлгөн таза, тегиз жол айылдын көркүнө көрк кошуп, элдин жашоо сапатын жаңы деңгээлге көтөрдү.
Аймакты өнүктүрүү — өлкөнүн артыкчылыктуу багыты
Бул долбоордун Республикалык бюджеттен каржыланышы мамлекеттин алыскы айылдардагы социалдык-экономикалык абалды жакшыртууга багытталган убадалары иш жүзүндө аткарылып жатканын көрсөтөт. Жергиликтүү калк жолдордун оңдолушу аймактагы байланышты гана чыңдабастан, ички туризмдин жана соода-сатыктын өнүгүшүнө да жаңы дем берерин белгилешүүдө.
Исхак-Полотхан айыл аймагынын жетекчилиги жана тургундары Таш-Дөбө айылындагы бул кубанычтуу жаңылыкты айылдын тарыхындагы жаңы барак катары баалап жатышат. Келечекте аймактагы башка ички жолдорду да ушундай калыпка келтирүү пландалууда

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген