Жергиликтүү кеңештин аппараты
- Башкы
- Жергиликтүү кеңештин аппараты
Жергиликтүү кеңештин аппараты
Матажиев Гулам Кудайбердиевич
Исхак-Полотхан айылдык кеңешинин төрагасы
Билими:Ош мамлекеттик педагогикалык институт, Ош шаары Кыргыз тили жан адабият адисти
Эмгек жолу:
Эмгек жолу:
1980–1981-жылдары Токтогул орто мектебинде мугалим болуп эмгек жолун баштаган. 1981–1985-жылдары Барпы орто мектебинде уюштуруучу болуп иштеген. 1986–1989-жылдары Кадамжай районундагы 1-Май орто мектебинде уюштуруучу кызматын аркалаган.
1990–1996-жылдары Кадамжай районундагы СССРдин 50 жылдыгы атындагы орто мектепте мугалим болуп иштеген. 1996–2003-жылдары Кадамжай райондук Кыргыз лицейинде мугалимдик ишмердүүлүгүн уланткан.
2006–2013-жылдары «Билет KG» жоопкерчилиги чектелген коомунун Баткен облустук филиалынын директору болуп эмгектенген. 2013–2024-жылдары «Билет Стандарт» жоопкерчилиги чектелген коомунун Баткен облустук регионалдык бөлүмүнүн директору кызматын аркалаган.
2016–2020-жылдары Халмион айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайланып, жергиликтүү өз алдынча башкаруу тармагында иш алып барган. 2021-жылдын 11-апрелинен 2024-жылга чейин Халмион айылдык кеңешинин депутаты болуп иштеген.
2024-жылдын 29-ноябрынан тартып Исхак-Полотхан айылдык кеңешинин төрагасы болуп эмгектенип келет.
Арапова Айчүрөк Абдусухановна
Исхак-Полотхан айылдык кеңешинин катчысы
Билими: БатМУнун Кызыл-Кыядагы технология, экономика жана укук институту
Каржы жана кредит адистиги
Эмгек жолу:
Эмгек жолу:
2021-жылдын 11-августунан 2022-жылдын 20-майына чейин Исхак-Полотхан айыл өкмөтүндө келишим негизинде аскердик каттоо столунун инспектору кызматында иштеген.
2022-жылдын 20-майынан 2024-жылдын 13-мартына чейин Исхак-Полотхан айыл өкмөтүндө салык боюнча адис болуп эмгектенген.
2024-жылдын 18-апрелинен тартып Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн алдындагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы кызматын аркалап келет.