Муниципалдык мекемелер

Муниципалдык ишкана

«Исхак-Полотхан» муниципалдык ишканасы

«Исхак-Полотхан» муниципалдык ишканасы Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн карамагындагы коммуналдык кызмат көрсөтүүчү мекеме болуп саналат. Ишкана аймактагы санитардык тазалыкты камсыз кылуу, таштандыларды чыгаруу, ирригациялык объекттерди тейлөө, көчөлөрдү жарыктандыруу, көрктөндүрүү жана башка коммуналдык кызматтарды аткарат.

2024 Түзүлгөн жылы
1 Уюштуруучу
6 Атайын техника
301992-3309-МП Каттоо номери

Жалпы маалымат

Муниципалдык ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катталган жана өз ишмердүүлүгүн жергиликтүү калкка коммуналдык кызмат көрсөтүү багытында жүргүзөт.

Толук аталышы

«Исхак-Полотхан» муниципалдык ишканасы

Юридикалык дареги

Баткен облусу, Кадамжай району, Жеңиш айылы, А.Орозбеков көчөсү №178

ИУЖКнын коду

32773933

ИНН

00804202410624

Катталган күнү

08-апрель 2024-жыл

Учурдагы абалы

Катталган, иш алып барууда

Материалдык-техникалык база

Муниципалдык ишкана аймактагы коммуналдык кызматтарды үзгүлтүксүз аткаруу үчүн атайын техникалар менен камсыздалган.

SHACMAN таштанды ташуучу унаа 1
МТЗ-89 трактору 1
МТЗ-80.1 базасындагы экскаватор 1
SHANTUI SBH388 экскаватору 1
HYUNDAI PORTER II 1
Жеңил жүк ташуучу унаа (КЭР) 1

Негизги милдеттери

Муниципалдык ишкананын негизги максаты — айыл аймагындагы коммуналдык инфраструктураны тейлөө, көчөлөрдү жана коомдук жайларды тазалоо, таштандыларды чыгаруу, ирригациялык тармактарды кароо, жашылдандыруу иштерин жүргүзүү жана калкка сапаттуу коммуналдык кызматтарды көрсөтүү болуп саналат.

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген