Айыл өкмөт жетекчилиги
- Башкы
- Айыл өкмөт жетекчилиги
Айыл өкмөт жетекчилиги
Искендеров Бактыбек Токтобаевич
Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн өкмөт башчысы
Билими: Жогорку, 2004-жылы Жалал-Абад экономика жана ишкердүүлүк университетин «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек жолу:
Эмгек жолун 1987-жылы «Кадамжай» совхозунда жумушчу болуп баштаган. Ар кайсы жылдары ички иштер органдарында, курулуш тармагында, ошондой эле Кадамжай шаардык мэриясында жооптуу кызматтарда иштеген. 2017–2021-жылдары Кадамжай шаардык мэриясынын департаментинин директору, 2021–2023-жылдары №46 Жол тейлөө мекемесинин башчысы болуп эмгектенген.
2025-жылдан тартып Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн өкмөт башчысы болуп дайындалган. Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасында көп жылдык тажрыйбага ээ. Бир катар мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктар менен сыйланган.
Кудайкулов Түгөлбай Доорович
Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары
Билими: Жогорку билимдүү. 2003-жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетин «Тарых мугалими» адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек жолу:
- 2012-жылдын 6-декабрынан 2018-жылдын 9-июнуна чейин — №51 «Таш-Дөбө» орто мектебинде тарых мугалими;
- 2012–2018-жылдары — жергиликтүү кеңештин депутаты;
- 2018-жылдын 19-октябрынан 2025-жылдын 10-апрелине чейин — Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары — жооптуу катчы;
- 2025-жылдын 10-апрелинен 7-октябрына чейин — Орозбеков айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары — жооптуу катчы;
- 2026-жылдын 27-мартынан 30-июнуна чейин — Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн айыл башчысы;
- 2026-жылдын 30-июнунан тартып — Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары.