Айыл өкмөт жетекчилиги

Айыл өкмөт жетекчилиги

3х4

Искендеров Бактыбек Токтобаевич

Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн өкмөт башчысы

Билими: Жогорку, 2004-жылы Жалал-Абад экономика жана ишкердүүлүк университетин «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолун 1987-жылы «Кадамжай» совхозунда жумушчу болуп баштаган. Ар кайсы жылдары ички иштер органдарында, курулуш тармагында, ошондой эле Кадамжай шаардык мэриясында жооптуу кызматтарда иштеген. 2017–2021-жылдары Кадамжай шаардык мэриясынын департаментинин директору, 2021–2023-жылдары №46 Жол тейлөө мекемесинин башчысы болуп эмгектенген.

2025-жылдан тартып Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн өкмөт башчысы болуп дайындалган. Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасында көп жылдык тажрыйбага ээ. Бир катар мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктар менен сыйланган.

Image001

Кудайкулов Түгөлбай Доорович

Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары

Билими: Жогорку билимдүү. 2003-жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетин «Тарых мугалими» адистиги боюнча аяктаган.

  • 2012-жылдын 6-декабрынан 2018-жылдын 9-июнуна чейин — №51 «Таш-Дөбө» орто мектебинде тарых мугалими;
  • 2012–2018-жылдары — жергиликтүү кеңештин депутаты;
  • 2018-жылдын 19-октябрынан 2025-жылдын 10-апрелине чейин — Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары — жооптуу катчы;
  • 2025-жылдын 10-апрелинен 7-октябрына чейин — Орозбеков айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары — жооптуу катчы;
  • 2026-жылдын 27-мартынан 30-июнуна чейин — Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн айыл башчысы;
  • 2026-жылдын 30-июнунан тартып — Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары.

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген