Исхак-Полотхан айыл аймагында калктын жашоо сапатын жакшыртуу жана таза ичүүчү сууга болгон жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында «Таза суу менен камсыздоо» долбоору ишке ашырылууда.
Долбоордун негизги максаты – айыл аймактагы калкты сапаттуу, коопсуз жана үзгүлтүксүз ичүүчү суу менен камсыз кылуу үчүн заманбап суу түтүк тармактарын жана тиешелүү инфраструктураны куруу болуп саналат.
Долбоордун алкагында жаңы суу түтүктөрүн тартуу, суу сактагычтарды жана инженердик курулмаларды куруу, ошондой эле эскирген тармактарды жаңылоо иштери жүргүзүлөт. Бул өз кезегинде калктын санитардык-гигиеналык шарттарын жакшыртып, жашоо деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Долбоорду ишке ашыруучу подряддык уюм болуп Консорциум ОсОО «Аист Строй» жана ОсОО «Юг-Строй АК» саналат.
Каржылоо булагы: Дүйнөлүк Банк
Сметалык баасы: 117 000 000 сом
Тендердин жыйынтыгы боюнча келишимдик сумма: 104 000 000 сом
Подрядчы уюм: Консорциум ОсОО «Аист Строй» жана ОсОО «Юг-Строй АК»
Долбоор аяктагандан кийин айыл аймактын миңдеген жашоочулары таза жана коопсуз ичүүчү суу менен камсыз болуп, калктын жашоо шарттарын жакшыртууга олуттуу салым кошулат.




