2026-жылдын 21-майында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун тапшырмасынын негизинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү М.Рахимов Кадамжай районунун Исхак-Полотхан жана Молдо-Нияз айыл аймактарынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, тиешелүү мекеме-уюмдардын жетекчилери жана айыл тургундары катышып, аймактын өнүгүүсүнө байланыштуу актуалдуу маселелер каралды.
Жолугушуунун жүрүшүндө социалдык-экономикалык өнүгүү, инфраструктураны жакшыртуу, таза суу менен камсыздоо, ички жолдордун абалы, ирригациялык тармактарды өнүктүрүү жана жарандарды түйшөлткөн башка маселелер кеңири талкууланды.
Тургундар тарабынан көтөрүлгөн суроолор жана сунуштар кылдаттык менен угулуп, тиешелүү мамлекеттик органдардын жана мекемелердин жетекчилерине конкреттүү тапшырмалар берилди. Ошондой эле аймактагы көйгөйлөрдү этап-этабы менен чечүү жана калктын жашоо шарттарын жакшыртуу боюнча иштер улантылары белгиленди.
Мындай жолугушуулар мамлекеттик органдар менен калктын ортосундагы байланышты чыңдап, жергиликтүү көйгөйлөрдү өз убагында аныктоого жана натыйжалуу чечүүгө өбөлгө түзөт.
Исхак-Полотхан айыл өкмөтү



