Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-мартындагы №56 жана 2022-жылдын 8-апрелиндеги №109 Жарлыктарын ишке ашыруу максатында Исхак-Полотхан айыл аймагында инфраструктураны жакшыртуу жана калк үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча бир катар иштер аткарылууда.
Аталган иш-чаралардын алкагында айыл аймакка караштуу Жошук, Таш-Дөбө, Жеңиш жана Ак-Өргө айылдарынын борбордук көчөлөрүн кеңейтүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.
Көчөлөрдү кеңейтүү жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого, транспорттук тыгындарды азайтууга, жөө жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана айылдардын инфраструктуралык көрүнүшүн жакшыртууга багытталган.
Бул иштер аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө түзүп, жергиликтүү тургундардын жашоо шарттарын жакшыртууга кызмат кылат.
Исхак-Полотхан айыл өкмөтү







