Кадамжай району. Исхак-Полотхан айыл аймагына караштуу Жаңы-Айыл айылындагы К. Нурматов көчөсү республикалык бюджеттин эсебинен толугу менен асфальтталды.
Бул көчөгө буга чейин эч качан асфальт төшөлгөн эмес. Көп жылдар бою жергиликтүү тургундар жай мезгилинде чаң, ал эми жаан-чачындуу күндөрү ылай жана жолдун начар абалы менен байланышкан кыйынчылыктарга туш болуп келишкен.
Бүгүнкү күндө бул көп жылдык көйгөй чечилип, көчө сапаттуу асфальт менен камсыз болду. Жаңы жол жергиликтүү калктын күнүмдүк жашоосуна ыңгайлуулук жаратып, унаалардын жана жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуз жүрүүсүнө жакшы шарт түздү.
Айрыкча мектеп окуучулары, улгайган адамдар жана күн сайын ушул көчө аркылуу каттаган тургундар үчүн жолдун асфальтталышы чоң мааниге ээ. Көчөнүн жаңыланышы айылдын жалпы инфраструктурасын жакшыртып, анын көркүнө да көрк кошту.
Көптөн күткөн жолдун асфальтталышы Жаңы-Айыл айылынын жашоочулары үчүн кубанычтуу окуя болду. Тургундар көп жылдык күтүүдөн кийин көчөнүн толугу менен асфальтталганына ыраазычылыктарын билдиришүүдө.
К. Нурматов көчөсүнүн жаңыланышы — Исхак-Полотхан айыл аймагында жол инфраструктурасын өнүктүрүү жана калк үчүн ыңгайлуу жашоо шарттарын түзүү багытында аткарылып жаткан иштердин бири.







