Кадамжай районуна караштуу Исхак-Полотхан айыл аймагынын Жеңиш айылынын түштүк тарабында жайгашкан, айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган 20,0 гектар жер аянты өнөр жай багытында пайдалануу үчүн ижара шартында тоорук (конкурс) аркылуу берилет.
Тоорук өткөрүүнүн шарттары:
📅 Тоорук жарыя расмий сайтка жарыяланган күндөн тартып 30 күн өткөндөн кийин өткөрүлөт.
💰 Ижара акысынын баштапкы баасы: 1 056 000 (бир миллион элүү алты миң) сом.
📝 Тоорукка катышуу үчүн арыздарды кабыл алуу тоорук өткөрүлө турган күндөн 3 күн мурда токтотулат.
📍 Тоорук өткөрүлүүчү жай: Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн кеңсеси.
📞 Кошумча маалымат алуу үчүн байланыш телефондору:
0775 877 575
779 290 900
Тоорукка катышууга кызыкдар болгон жарандарды жана ишкердик субъекттерин белгиленген мөөнөттө документтерин тапшырууга чакырабыз.